Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргыз-казак чек арасы: чектөө алынды, тоскоолдук калды


"Ак-Жол" өткөрмө бекети.
"Ак-Жол" өткөрмө бекети.

Казакстан пандемияга байланыштуу эки жыл мурун киргизилген чек арадагы чектөөнү алды. 11-апрелден тарта кыргыз-казак чек арасында жүргүнчүлөргө жол ачылганы менен жүк ташыган машинелерге тоскоолдук күчөдү. Азыркы тапта "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 300дөй машине турат.

Эки жылдан кийин ачылган чек ара

Бишкек шаарынын тургуну Наргиза Калыбек кызы Казакстанга турмушка чыгып, ошол жакта көз жумган эжесинин жылдыгына барууга даярданып жаткан кезде чек ара ачыларын уккан. Чектөөлөр алынбаса, анын үй-бүлөсү Кордайдан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Чу шаарына барыш үчүн алгач учак менен Алматыга конуп, андан кийин поезд менен жол жүрмөк.

“Биз учак менен эле баралы деп, билет караштыра баштаганбыз. Бир кишинин барышы эле 15 миң сомдон кымбатка түшөт экен. Кайра учуп келгенге ушунча каражат кетмек. Мындан улам жакындарым менен чогуу барып келгенге шарт болобу деп ойлонуп жаткан элек. Чек аранын ачылганы жакшы болду. Аябай сүйүнүп атам”.

Наргиза Калыбек кызы өтө турган “Ак-Жол” Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эң чоң өткөрмө бекет. Падемияга чейин бул жерден күнүнө 10 миңге чейин адам каттап, 1,5 миңдей автоунаа өтүп турган.

Туристтик мезгилде жүргүнчүлөрдүн саны 35 миң, ал эми машиненин саны 2,5 миңге чейин жеткен. Бирок пандемиядан улам кишилердин агымы токтоп, атүгүл чек арага жакын жайгашкан дүкөн, тамактануучу жайлар жабылып калган.

"Ак-Жол" өткөрмө бекетиндеги эки жылдан бери жабык турган дүкөн.
"Ак-Жол" өткөрмө бекетиндеги эки жылдан бери жабык турган дүкөн.

Чек арадан жүк өткөрүп иштеген Таланттын айтымында, соңку эки жылдын ичинде “Ак-Жол” аркылуу Казакстанга товар ташыгандардын саны кескин кыскарды.

“Биз эки жылдай Казакстанга өтө албай жүрдүк. Соодагерлердин жүгүн Кыргызстандын чек арасынан эле өткөрүп, кайра келип жаттык. Эми чектөө алынды деп жатышат. Бирок үч күндө бир жолу ПЧР тест тапшырышыбыз керек. Анын баасы 800 сом. Бизге, соода кылгандарга мындай эрежелер терс таасирин тийгизет”.


Казакстан 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам чек арадан өтүү тартибин өзгөрткөн. Мындан улам кыргыз жарандары жакын турган коңшу өлкөгө учак менен гана каттап калды. Ошол эле маалда Казакстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан ээн-эркин өтүп жатышкан.

“Ак-Жол” өткөрмө бекети башчысы Бакыт Акимканов чек арадан өтүүнүн шарттарын мындай түшүндүрдү:

Бакыт Акимканов.
Бакыт Акимканов.

“Биз тараптан башынан эле чектөө болгон эмес. Азыр чек арадан өткөндө эки тараптан тең жарандардан ПЧР тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөнүн тастыктаган документи/паспорту талап кылынат. Тесттин мөөнөтү 72 сааттан өтүп кетпеши керек. Азыр элдин агымы анча көп эмес. Анткени, жарандарда маалымат аз болуп жатат көрүнөт”.

Кыргызстандын Чек ара кызматы “Ак-Жолдон” тышкары “Чалдыбар”, “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрмө бекеттериндеги чектөө алынганын билдирди. Мындан тышкары, Казакстан аркылуу Орусияга кетүүнү каалаган кыргыз жарандары Орусиянын элчилигинен маалымат алыш керектиги айтылды. Ал эми темир жол каттамы аркылуу Казакстанга же Орусияга барууга уруксат бериле элек.

Жүк ташыган унаалардын узун кезеги

Кыргыз-казак чек арасында жүргүнчүлөргө чектөө жоюлганы менен жүк ташыган машинелерге тоскоолдуктар пайда болду.

Николай Дмитриченконун машинеси “Ак-Тилек” өткөрмө бекети тараптагы 6 чакырымга созулган узун кезектин аягында турат. Ысык-Көлдөн Орусияга алма ташып бара жаткан айдоочу таң атканча 200 метр гана жылганын айтууда.

“Таңкы алтыдан бери түшкө чейин ордуман жылган жокмун. Жүктөп бара жаткан 22 тонна алма чирип кетпеш үчүн муздаткыч иштеп турушу керек. Ага суткасына 70 литр солярка сарпталат. Анын ар бир литрин 63 сомдон эсептеңиз. Суткасына беш миң сом короп жатат. Мындан тышкары тамак ашым бар. Аны ким төлөп берет? Бул жерде турбаганда үч суткада Орусияга кирип бармакмын”.

Чек арада 300дөй машине кезекте турат.
Чек арада 300дөй машине кезекте турат.

Коңшу өлкө менен чектешкен тарапта болжолдуу эсеп менен 300дөн ашуун автоунаа турат. Айдоочулар алты чакырымга созулган кезекти өздөрү көзөмөлдөп жатышат. Алардын айтымында, чек арадагы абалдын себебин эч ким түшүндүргөн эмес.

Үч күндүн ичинде узун кезектин ортосуна келген Насип Мамедов кезекти сактабай өтүп жаткан айдоочулар көп экенин айтып берди.

Насип Мамедов.
Насип Мамедов.

“Түнкүсүн кезекти сактабай өтүп жаткан машинелер бар. Аларга бул жерде күнү-түнү турган ИИМ кызматкерлери жардам берип жатышат окшойт. Болбосо алар каршы тилкеге эч кимди чыгарбашы керек эле. Бизге окшоп эреже сактагандар үч-төрт суткадан туруп атышат. Мындан улам чыгымдарыбыз күн санап өсүүдө. Бул жерде дараткана, ашкана же жата турган жер жок. Күн ысып атат”.

Кыргызстандын чек ара кызматы тоскоолдуктар Казакстан жактан болуп жатканын, анын себебинен кабары жок экенин билдирди. Казакстан эч кандай комментарий бере элек.

Чек арадагы кырдаалга “Торугарт” бекети аркылуу Кытайдан кирген жүк ташуучу машинелердин саны мурункуга салыштырмалуу кыйла арбыганы себеп экени да айтылып жатат. Бажы кызматынын маалыматына караганда, мурда "Торугарттан" бир күндө 30 автоунаа өтсө, азыр анын саны 70-80ге жетүүдө.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын президенти Темирбек Шабданалиев узун кезектин дагы бир себебин мындан көрөт:

Темирбек Шабданалиев.
Темирбек Шабданалиев.

“Чын-чынына келгенде эки мамлекеттин ортосунда накта атаандаштык жүрүүдө. Казакстан Кыргызстан аркылуу өткөн Кытай товарларынын көлөмүн азайтууну каалайт. Анткени, бизден өткөн товарлар кошуналардын “Хоргосунан” өтүп атпайбы. Мындан улам азыркыдай күрөш жүргүзүп жатышат. Бул жерден айдоочулар, ишкерлер жабыр тартууда. Ага өкмөт дагы кийлигишпей жатат. Биздин бийлик “сүйлөшүп атабыз” дешет. Бирок анын жыйынтыгын көрө элекпиз. Болбосо Кыргызстан, Казакстан ЕАЭБге мүчө болгон мамлекет”.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдатып, түйшүк жараткан учурлары көбөйдү.

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын көйгөйү парламентте дагы бир нече ирет көтөрүлгөн. Маселен, февралда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков ЕАЭБдин принциптерине туура келбеген жасалма тоскоолдуктар болуп жатканын айткан. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-казак чек арасында ишкерлер тушугуп жаткан маселе чечилет деп ишендирип, Казакстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын белгилеген.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Кыргыз-казак чек арасы: суткалап кезек күткөн айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG