Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 11-апрелде Баткен облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктан каражат алууга байланышкан макулдашуунун долбоорун карады.
Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов жалпысынан 50 миллион доллар алынарын, анын теңи грант түрүндө, калганы 0,75% үстөгү менен 38 жылдык мөөнөткө насыя катары берилерин маалымдады. Бул долбоорду 2027-жылга чейин Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырарын билдирди.
Сейитовдун ырасташынча, анын алкагында аймактагы инфраструктуранын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, анын негизинде жумушчу орундарды түзүү каралган.
Жыйында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров эл аралык донорлор каржылаган долбоорлорду өкмөт өзү ишке ашырып, өзү жоопкерчилигин алышы керектигин айтты. Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдаров чукул чечим кабыл алуудан карманып турууну, АРИСтин ишмердүүлүгүн талдап чыгууну сунуштады. Натыйжада долбоор кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.
Президент Садыр Жапаров “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамга өткөн жылы сентябрда кол койгон. Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын эки миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралып жатканы айтылган.
Өкмөт чек ара чырынан жабыркаган бул аймакты өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар долбоорлор даярдалганын билдирген.