Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Санарип министрлиги: балдарын мектепке берчүлөр кезексиз тейленет


Кыргызстанда бала бакча жана мектепке муктаждык жогору.
Кыргызстанда бала бакча жана мектепке муктаждык жогору.

Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунда балдарын 1-класска жана бала бакчага киргизгени жаткан ата-энелер мындан ары кезексиз тейленет. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Анда аталган борборлорго кайрылган жарандардын саны соңку бир күндө беш миңден ашканы, күчөтүлгөн тартипте иштеп, кезекте турган акыркы кардарга чейин тейленгени айтылат.

Мунун алдында 11-апрелде мектеп жана бала бакчага кабыл алуу үчүн ачылган mektep.edu.gov.kg сайты ишке киргени менен улам-улам үзгүлтүккө учураган. Бир катар ата-энелер балдарына байланыштуу айрым бир маалыматтар чыкпай калып, аларды Калкты тейлөө борборлоруна кайрылууну сунуштап жатканын айтышкан.

Балдарын электрондук кезекке тургуза албаган ата-энер Билим берүү жана илим министрлигине чейин келишкен.

Кыргызстанда бала бакча жана мектепке муктаждык жогору. Буга чейин мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбай турганы статистикалык маалыматта айтылган.

Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт 2014-жылы Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, электрондук кезекке туруу системасын ишке киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG