Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

“Экспресс-Строй KGнин” башчысы Бишкек мэриясынын маалыматын четке какты


Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары айтылган
Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары айтылган

“Экспресс-Строй KG” курулуш компаниясынын башчысы Кочкорбек Жуманазаров "Азаттыкка" Бишкек шаардык мэриясына мектептерди куруу тууралуу сунуш менен кайрылбаганын билдирди. Ал бул жагдайда аталган компаниянын сөз болуп жатканын "кутумдарга аралаштыруу" аракети катары сыпаттады.

"Эч кандай келишим жок, тендерлерге дагы катышкан эмесмин. Сунуштар дагы айтылган эмес. Бул компаниянын негиздөөчүсү дагы, директору дагы менмин. Алардын (Эрмек Атантаевдин-ред) бул компанияга тиешеси жок".

Мунун алдында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров дагы уулу Ахмадшоху Азатовдун аталган компанияга тиешеси бар экени тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектептерди курууга мэрия “Экспресс-Строй KGни” тандаганын айткан. Ал ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп бере турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз “Экспресс-Строй KG” деген компания тендерсиз курганы жатканын жазган жана бул коомчулукта талаш-талкуу жараткан.

Бишкек шаардык мэриясы мектептерди курууга байланыштуу “Экспресс-Строй KGден” жалданма компания болуу тууралуу ишканадан сунуш түшкөнүн маалымдаган.

Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары айтылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG