Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Президент “Азаттыктын” каарманына батир берүүнү тапшырды


Жаңылкан Даирбекованын үй-бүлөсү.
Жаңылкан Даирбекованын үй-бүлөсү.

Президент Садыр Жапаров “Азаттыктын” каарманы, аутизмдин белгилери бар үч эм уулдун энеси Жаңылкан Даирбековага Бишкектен батир берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Даирбекова өзү билдирип, 11-апрелде өлкө башчы менен жолукканын айтты.

“Президент мен баргандан кийин “мэрия менен байланыштыргыла” деп шаар башчы менен сүйлөштү. Мэр телефондон эки бөлмөлүү батирлер бар экенин айтты. Президент “эки бөлмөлүү батир болсо да киргизгиле” деген тапшырма берди”, - деди ал.

Жаңылкан Даирбекова батирди кайсы жерден алуу боюнча сүйлөшүү үчүн 12-апрелде Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугат.

Андан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги “Алтын балалык” реабилитациялык борбору ачылса, июнь айынан баштап Даирбекованын балдарын дарылоо милдетин алды.

11-апрелде “Азаттыкка” “Өзгөчө уулдарымды окуткум келет" деген видеоматериал чыккан. Анда аутизмдин белгилери бар үч эм уулдун энеси Жаңылкан Даирбекованын турмушу баяндалат. Даирбекованын дагы эки кыз, бир уулу бар. Алты баласын жалгыз тарбиялап жаткан эненин тиричилиги азык-түлүк кымбаттагандан бери оорлошкон.

“Азаттык” март айында да 10 баланын энеси, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Асел Сатарованын үйдөгү түйшүгү тууралуу материал чыгарган. Ал видеодон киийн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, демөөрчүлөр үй-бүлөгө материалдык жардам берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG