Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Сабиров “Экспресс-Строй KG” тууралуу комментарий берди


Равшанбек Сабиров.
Равшанбек Сабиров.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров уулу Ахмадшоху Азатовдун аты аталган “Экспресс-Строй KG” компаниясы тууралуу комментарий берди. Ал уулунун бул ишканага эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.

“Экспресс-Строй KG” азыр жок. Анын баарын өткөрүп салышкан. “Экспресс-Строй KGнин” ээси такыр башка. Ал жакка менин да, балдарымдын да тиешеси жок. Мисалы, сиздин уулуңуз компания ачам десе, сизден сурабайт да. Менин өзүмдүн жумушум, алардын өз жашоосу бар. Балдарым 18 жаштан өткөн. Ишкерлик менен алектенип жүрүшөт”, - деди Сабиров.

Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектептерди курууга мэрия “Экспресс-Строй KG” компаниясын тандаганын айткан. Ал ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп бере турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз “Экспресс-Строй KG” деген компания курганы жатканын жазды.

Социалдык тармактарда Бишкекте мектептерди шектүү компания салганы жатканы тууралуу талкуу болууда.

Factcheck.kg сайты 20 жаштагы Ахмадшох Азатов дагы эки компанияга - “Ostrich KG” жана “Бетон Профи” ишканаларына ээлик кыларын жазды.

Бишкек шаардык мэриясы борбордо мектептерди куруу боюнча “Экспресс-Строй KG” компаниясы менен келишим түзүлбөгөнүн 11-апрелде билдирди. Бирок мектептердин курулушуна подрядчы болуу тууралуу ишканадан сунуш түшкөн.

Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG