Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Next TV телеканалынын кызматкери милицияда сурак берүүдө


Next TV.
Next TV.

Көз карандысыз Next TV телеканалынын кызматкери Адилет Али Мыктыбек 11-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук милициясы тарабынан кармалып, сурак берип жатат. Бул тууралуу каналдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

“Next TV каналында видео тартып иштеп жатканына 2-3 ай болуп калды. Мага “байке мени эки милиция кармап кетип баратат” деп жазыптыр. Милиция эмнеге кармаганы азырынча белгисиз”.

Адилет Али Мыктыбек өзү “массалык башаламандыкка чакыруу” боюнча айып коюлганын жана милицияда материалдар менен таанышып жатканын билдирди.

Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы маалыматты тактап берүүнү убада кылды.

2-мартта Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даярдык билдиришкенин жазган. Аны Next TV социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

3-мартта Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Next TV телеканалына карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салынып, андан бери каналдын кеңсеси жабык турат.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Иш боюнча каналдын бардык кызматкерлери УКМКда сурак берип чыкты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан, ал эми телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.

Ушул тапта канал башка кеңседе эфирге чыгып жатат.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG