Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Азамат Аспеков тергөө аяктаганга чейин камалды


Шектүү. Милиция тараткан сүрөт.
Шектүү. Милиция тараткан сүрөт.

Абакта жаткан активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков тергөө аяктаганга чейин камалды. Мындай чечимди 11-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды.

Ал “президент менен байланышым бар” деп Бишкектеги “Сары-Өзөн” базарынан чоң жер тилкесин алып берүүнү убада кылып жабырлануучудан 44 миң доллар алган деп шек саналууда. Ишти Свердлов райондук милициясы “Алдамчылык” беренеси менен иликтеп жатат.

Шектүүнүн адвокаты менен жакындары комментарий бере элек.

Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач ага карата “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында "Алдамчылык" беренеси да кошулган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Аспековду өткөн айда жети жылга абакка кесип, жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирген. Активист муну куугунтук деп баалап келатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG