Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Next TV жарыялаган маалымат экстремисттик деп табылды, каналды жабуу өтүнүчү канааттандырылган жок


GENERIC – Judges Gavel
GENERIC – Judges Gavel

Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы боюнча өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды.

Бүгүн 29-марттагы отурумунда сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапты.

Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Башкы прокуратура маалыматты экстремисттик деп табуу, каналдын ишин токтотуу тууралуу өтүнүч менен сотко 22-мартта кайрылган.

2-мартта Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев Facebook баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даярдык билдиришкенин жазган.

3-мартта Кыргызстандын Коргоо министрлиги Мусаевдин бул билдирүүсүн четке каккан.

3-мартта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын ошол маалыматын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялаганы үчүн Next TV телеканалына карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Андан бери каналдын кеңсеси жабык турат, сот журналисттерди иш жайына киришине уруксат бере элек.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.

Орусия Украинага карата согушун 24-февралда баштаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG