Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Чек ара боюнча жумушчу топтордун сүйлөшүүсү Дүйшөмбүдө өттү


Кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору. Сүрөт Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.
Кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору. Сүрөт Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы сүйлөшүүсү 10-апрелде жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

5-апрелде башталган сүйлөшүүдө эки өлкөнүн өкүлдөрү тактала элек тилкелердеги чек ара сызыктары боюнча пикир алмашып, кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрмөй болушту.

Сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштап барган.

Тажикстан менен чек арадарды тактоо боюнча сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул окуядан кийин эки тарап жолугушуп, чек араны тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушуларын жандандырууга макулдашылган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, буга чейин анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени кабарланган. Калган чек аралар негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG