Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Пакистанда Шахбаз Шариф өкмөт башчылыкка дайындалды


Пакистандын өкмөт башчылыгына дайындалган Шахбаз Шариф. 11-апрель, 2022-жыл.
Пакистандын өкмөт башчылыгына дайындалган Шахбаз Шариф. 11-апрель, 2022-жыл.

Пакистан парламенти оппозициядагы партиянын лидери Шахбаз Шарифти өкмөт башчылыкка шайлады. Ал - мурдагы премьер-министр, коррупция үчүн соттолгон Наваз Шарифтин бир тууган иниси.

Добуш берүүнүн алдында мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын партиялаштары залдан чыгып кетишти.

Үч жылдай бийликте отурган Ханга 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Ал кийинки өкмөттү тааныбай турганын билдирген.

Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал муну Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок Хан айткан сөзүнө эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG