Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Next TV каналынын кызматкери милицияда сурак берип чыкты


Адилет Али Мыктыбек.
Адилет Али Мыктыбек.

Көз карандысыз Next TV телеканалынын кызматкери Адилет Али Мыктыбек 11-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча суралганын билдирди. Cурактан кийин Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыгып буларды айтты.

“Мен Фейсбуктагы баракчама жазган постторумдун көбү скриншот болуп көчүрүлгөн жана видеолор топтолгон том бар экен. Аны мага көрсөтүштү. Бирок баарын окуткан жок. “Күбө катары сурадык” деп айтышты. Бирок ошону менен катар “кылмыш ишин козгоо” тууралуу да жазылыптыр”, - деди ал.

Адилет Али Мыктыбек акыркы убактарда Фейсбуктагы баракчасынан Бишкекте өткөн ар кандай митинг, акцияларды түз эфирде көрсөтүп жаткан. Ал суракта Next TV телеканалы боюнча да суроолор берилгенин билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы Адилет Али Мыктыбектин суракка алынышы тууралуу маалыматты тактап берүүнү убада кылган. Азырынча комментарий бере элек.

2-мартта Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкенин жазган. Аны Next TV социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

3-мартта Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, ушул эле күнү Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) Next TV телеканалына карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Телеканалдын кеңсеси жабылган.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынып, иш боюнча каналдын бардык кызматкерлери УКМКда сурак берип чыкты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан, телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым катары баалап жатат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуп, эрежелерди сактоо керектигин билдирген эле. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG