Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Бишкекте дубалы ураган үйгө байланыштуу эки адам камалды


"Кубаныч" деп аталган 14 кабаттуу имаратты "KG Восток Сервис" компаниясы куруп жаткан.
"Кубаныч" деп аталган 14 кабаттуу имаратты "KG Восток Сервис" компаниясы куруп жаткан.

Бишкек шаарында бир жак капталындагы дубалы ураган көп кабаттуу имаратты куруп жаткан компаниянын эки прорабы милициянын тергөө абагына камалды. Буга чейин кылмыш иши козголуп, Ленин райондук ички иштер бөлүмү аталган имаратты курууда коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталганын билдирген.

27-мартта түндө Бишкектеги Жаш Гвардия көчөсүндөгү "КG Восток Сервис" компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу тамдын чатырын тешип кеткен. Кырсыкта үч адам жаракат алган.

Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бул имаратты курууда колдонулган арматура, тор жана башка темирлер өтө ичке, сапатсыз болгону аныкталганын билдирген жана компаниянын лицензиясын токтотуу сунуштаган.

Аталган компаниясы тиешеси бар экени айтылган Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу "Фейсбуктагы" баракчасына анын негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, мандат алгандан тартып башкарууну өткөрүп бергенин жазган.

Расмий маалыматка караганда, 2021-жылы Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө 520 лицензия берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG