Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кыргызстанда эркектер аялдарга караганда сегиз жылга аз жашайт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (UNFPA) маалыматына караганда, Кыргызстанда аялдарга салыштырмалуу эркектер 7-8 жылга аз жашайт.

Аялдардын орточо жаш узактыгы 75 жыл болсо, эркектердики 68 деп эсептелген. 40 жаштан өткөн аялдарга салыштырмалуу эркектердин саны аз.

80 жаштан өткөн эркектердин саны 10 980, алар өзү теңдүү аялдарга салыштырмалуу эки эсеге аз. Дарыгерлер буга эркектер арасында ден соолугуна кайдыгерлиги жана убагында дарты аныкталбай, оорулары өтүшүп кеткен учурлар себеп экенин белгилешет.

2020-жылы 2 460 эркекте онкологиялык, 2 014үндө кургак учук оорусу катталган. Эркектердеги өлүм себептеринин башында жүрөк, кан тамыр оорулары турат.

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей. 6 млн. 637 миң калктын жарымын эркектер түзөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG