Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

“МедиаХаб” уюму энергетикадагы коррупция боюнча иликтөө жарыялады


"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фонду энергетика тармагындагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөө жарыялап, эки күмөндүү схеманы аныкташты.

Электр энергиясына жалпы 35 млн. сом карызы бар деп жазылган Чүйдөгү 827 абонент боюнча документ журналисттердин колуна тийген. Алар тизмедеги даректердин 50дөн ашуунун кыдырып, текшергенде кеминде 27 даректе эч ким жашабаганы, айрымдарында турак жай жок экени белгилүү болду.

“Электр энергиясын колдонбогон жок абоненттерге же “өлүү жандарга” миңдеген сом карызды илип, кийин төлөй албай калды деген шылтоо менен карызды жойдуруп жиберген ыкма эл арасында “Ширшовдун схемасы” деп жайылган. Ал эми “өлүү жандар” сарптады деген электр энергиясын чынында башкалар колдонуп, акчасын тийиштүү тараптар бөлүп алышарын эксперттер белгилешет”, - деп билдирди “МедиаХаб”.

Экинчи күмөндүү схема абоненттердин төлөмдөрүндөгү айырма. Талас облусундагы электр колдонуучулар банк аркылуу “Түндүкэлектрге” которгон төлөмдүн жарымы “Түндүкэлектрдин” ички базасынан жок болуп кеткен.

Мисалы, 2019-жылдын апрелинде Таластын Покровка айыл өкмөтү электр энергияга 200 миң сом төккөн. Бирок системада айыл өкмөт 100 миң сом гана төлөдү деп көрсөтүлгөн. Ал эми калган 100 миң сомду Гортис аттуу компания төлөдү деп жазылган. Ошол эле учурда Гортис электр энергиясы үчүн убагында төлөп келгенин, болгону накталай беришкенин билдирет. Талас облусунда 20дан ашуун ушундай мисал катталган.

“МедиаХаб” уюмунун иликтөөсүнө Энергетика министрлиги азырынча жооп бере элек. Кыргызстанда энергетика системасы коррупцияланышкан тармактардын бири катары саналып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG