Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:44

Казакстан: каржы пирамидасына алданган аял өзүн өрттөдү


Өрттү өчүрүп жаткан полиция кызматкерлери. Социалдык тармакка тараган видеолордон алынган кадр.
Өрттү өчүрүп жаткан полиция кызматкерлери. Социалдык тармакка тараган видеолордон алынган кадр.

11-апрелде Казакстандын баш калаасы Нур-Султандагы Ички иштер министрлигинин алдына каржы пирамидасына алданып калганын айтып чыккан аял өзүнө өрт койду. Ал дароо ооруканага жеткирилди.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалагы билдиргендей, учурда 32 жаштагы Багила Досмаилова реанимицияда жатат, абалы "оор" деп бааланууда.

Полиция «Өз жанына кол салууга жеткирүү» деген берене боюнча иш козголгонун билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Досмаилованын үй-бүлөсү каржы пирамидасына 45 миң доллардай акча салып, ала албай калган.

8-апрелде ал башка жабырлануучулар менен Алматыда пикет өткөрүп, полицияны иликтөө ишин тийиштүү жүргүзбөй жатат деп айыпташкан.

Досмаилова ошондой эле Mudarabah Capital деген компанияны жарнамалаган белгилүү блогерлер Мейржана Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду дагы жоопкерчиликке тартууга чакырган. Алар иште шектүү катары өтүп жатышат. Полиция блогерлерди үч миллион күрөөгө бошоткон.

Алматы полициясынын башчысы Рустам Абдрахманов бул иш боюнча 14 адам шектүү катары өтүп жатканын, алардын алтоо кармалганын, экөө эл аралык издөөдө экенин, бирөө үй камагында экенин, үчөө күрөө менен бошотулганын айтты. Жакында иш сотко өтөрүн кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG