Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Байден Индияны орус мунайынын көлөмүн көбөйтпөөгө чакырды


АКШ президенти Жо Байден Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жатат. 11-апрель, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жатат. 11-апрель, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге кайрылып, Орусиядан сатып алган мунайдын көлөмүн көбөйтпөөгө чакырды.

11-апрелде видеобайланыш аркылуу бир саатка созулган сүйлөшүүдө Байден Орусиядан энергия булактарын сатып алуу менен Индия дүйнөдөгү өз позициясын бекемдей албастыгын билдирди.

"Президент Орусиядан энергия булактарын жана башка товарларды импорттоону көбөйтүү Индиянын кызыкчылыгында эмес деп эсептерин так айтты",-деди Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки.

Америка жана башка мамлекеттер Москванын энергетикалык кирешесин чектөөнүн аракетин көрүп жаткан маалда, Индия мунай сатып алууну күчөткөн.

Индия өткөн жумада Орусияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарып жатканда карманып калган 58 мамлекеттин катарына кирген.

Нью-Дели Орусия Украинага кол салган февралдын соңунан бери Москвадан 13 миллион барелл чийки мунай сатып алды. Рейтерстин маалыматына караганда, былтыр бир жыл ичинде Индия Орусиядан 16 миллион баррел гана мунай сатып алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG