Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

13-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Сулайман-Тоодогу жаз. Иллюстрация.
Сулайман-Тоодогу жаз. Иллюстрация.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 13-апрелде Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнү 10…15, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2...7.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын табы түнү 10…12°, күндүз 20…22° болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG