Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Эрлан Абдылдаев Тажикстанга элчи болуп дайындалды


Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 12-апрелде билдирди.

Эрлан Абдылдаев 56 жашта. Ал 2012-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигин жетектеген. 2020-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалып, быйыл февраль айында кызматтан алынган.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков быйыл февралда жумуштан алынган, ошондон бери бул орун бош турган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында утур-утур курал колдонуу менен чыр-чатак болуп турат. 2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул окуядан кийин эки тарап жолугушуп, чек араны тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушууларын жандандырууга макулдашылган. Андан кийин да чыр-чатактар орун алууда.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени кабарланган. Калган чек аралар негизинен калктуу конуштарга келип такалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG