Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Баткен: жарадар болгон чек арачыга операция жасалат


Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак тууралуу видеодон алынган скриншот. 12-апрель, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак тууралуу видеодон алынган скриншот. 12-апрель, 2022-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жараат алган кыргызстандык чек арачынын абалы оор экенин билдирди.

Маалыматка караганда, ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилди, операцияга даярдалууда.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курч деп баалады.

12-апрелде кечки саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан.

Кайрадан ок атышуу орун алып, ал 30 мүнөткө созулганы айтылгиы.
Анда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган.

"Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады", - деп жазылган маалыматта. Кийинчерээк минометтон аткылоо токтогонун жарыялады.

Чек ара кызматы тажик тарапты чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырган.

Буга чейин кыргыз тарап ушул эле күнү Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы жараат алганын кабарлаган.

Расмий маалыматта "Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени" айтылат.

Тажик тарап бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG