Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Кыргызстан тажик чек арачылары Достук айылын миномет менен аткылай баштаганын билдирди


Кыргыз-тажик чек арасы. Архив.
Кыргыз-тажик чек арасы. Архив.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан курал колдонулган чатак орун алганын маалымдады.

Мекеме билдиргендей, 12-апрелде кечки саат 21.17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан.

Кайрадан ок атышуу орун алып, ал 30 мүнөткө созулганы айтылды.
Анда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган.

"Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады", - деп жазылган маалыматта.

Чек ара кызматы тажик тарапты чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырган.

Буга чейин кыргыз тарап ушул эле күнү Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы жараат алганын кабарлаган.

Расмий маалыматта "Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени" айтылат.

"Алар "Чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген эскертүүгө баш ийген эмес. Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан. Жооп иретинде тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарган", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Бул окуя боюнча Тажикстан эч кандай комментарий бере элек.

12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өтүп, чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Жыйында чек ара аймактарына кошумча куралдуу күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашууга кол коюлган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени айтылган. Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ок атышууга чейин жетип, адам өмүрүн алган чыр-чатактар байма-бай катталып турат.

Тараптар мындай чатактар үчүн бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү таратып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG