Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Орусияда оппозициячыл саясатчы Кара-Мурза 15 суткага камалды


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Орусияда белгилүү оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурза "полицияга баш ийген эмес" деген айып менен 15 суткага камалды. Өкүмдү 12-апрелде Москванын Хамовнический райондук соту чыгарды.

Саясатчынын адвокаты Вадим Прохоров билдиргендей, Кара-Мурзаны "полиция кызматкерлерин көрө калып, бараткан жолунан бурулуп, коопсуздук кызматкерлеринин "токто" деген талабына баш бербей, жашырынганга аракет кылып, өзүн кызыктай алып жүргөн" деп айыптап жатышат.

Прохоров полициянын айткандарын четке кагып, Владимир Кара-Мурзаны тартип коргоочулар үйүнүн кире беришинде күтүп турганын жана машинесинен түшөрү менен кармашканын билдирди.

Саясатчы буга чейин эки жолу уулануунун белгилери менен оор абалда ооруканага түшкөн. Францияда жүргүзүлгөн экспертиза саясатчынын организминде оор металлдар нормадан көп экенин аныктаган. Оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовдун жакын санаалашы деп саналган Кара-Мурза аны орус бийлигинин буйругу менен өлтүрүүнү көздөшкөн деп эсептейт.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Кара-Мурза башка оппозиция активисттери менен биргеликте "Согушка каршы комитет" түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG