Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Москвада оппозициячыл активист Владимир Кара-Мурза кармалды


Орусиядагы оппозициячыл саясатчы, активист Владимир Кара-Мурза.
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы, активист Владимир Кара-Мурза.

Орус оппозициясынын өкүлү, активист Владимир Кара-Мурзаны 11-апрелде өз үйүнүн жанынан полиция кармап кетти. Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Прохоров маалымдады.

Анын айтымында, Кара-Мурзага «коопсуздук кызматкерине баш ийген эмес» деген айып тагылууда.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кара-Мурзанын кармалышы боюнча тынчысыздануусун билдирди.

«Кошмо Штаттар жарандык коомдун көрүнүктүү өкүлү Владимир Кара-Мурзаны Москвада орус бийлиги кармап кетиши боюнча тынчсызданууда. Биз бул окуяга тыкыр көз салып жатабыз жана аны токтоосуз бошотууга чакырабыз», - деп жазды Блинкен Твиттерге.

Активист буга чейин эки жолу уулануунун белгилери менен оор абалда ооруканага түшкөн. Францияда жүргүзүлгөн экспертиза саясатчынын организминде оор металлдар нормадан көп экенин аныктаган. Оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовдун жакын санаалашы деп саналган Кара-Мурза аны орус бийлигинин буйругу менен өлтүрүүнү көздөшкөн деп эсептейт.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Кара-Мурза башка оппозиция активисттери менен биргеликте "Согушка каршы комитет" түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG