Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:06

Евробиримдик орус авиакомпанияларын "кара тизмеге" киргизди


Орусиянын учагы.
Орусиянын учагы.

Европа биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен кара тизмеге киргизди. Алардын арасында "Аэрофлот", "Победа", S7, "Россия", "Ютейр" жана "Урал авиакаттамдары" бар.

Эми бул жана башка компаниялардын лайнерлерине шаркетке мүчө өлкөлөрдүн аба майданын колдонууга жана аэропортторуна конууга тыюу салынат.

Евробиримдик түшүндүргөндөй, бул компанияларга караштуу учактардын техникалык абалы үчүн кожоюндары да, учакты өндүргөндөр да жооп беришпейт.

Евробиримдиктин кара тизмесинде буга чейин эле Ирак, Иран, Ооганстан, Кыргызстан жана Судандын авиакомпаниялары бар болчу.

Еврокомиссиянын маалыматына караганда, Москва орус авиакомпанияларына кемелерди тийиштүү эл аралык сертификаттары жок эле учууга уруксат берген.

Евробиримдиктин транспорт маселелери боюнча комиссары Адина Вэлян бул жүргүнчүлөр үчүн кооптуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

S7, "Урал авиакаттамдары" Кыргызстанга да каттайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG