Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Жиу-житсудан Зулкайнар Шайбек уулу күмүш медал утту


Зулкайнар Шайбек уулу.
Зулкайнар Шайбек уулу.

Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек уулу АКШнын Орландо шаарында өткөн жиу-житсу боюнча PAN American championship эл аралык мелдешинде күмүш медал утту.

Мелдеште спортчу көк кур категориясында 64 килограммга чейинки салмакта чыгып, үч атаандашын уткан. Финалда колумбиялык Рикардо Е Каламариге жеңилип калды.

Ал март айында Даллас шаарында өткөн IBJJF Dallas open эл аралык мелдешинде спорттун ушул түрүнөн 68 килограммга чейинки салмакта No-Gi категориясында алтын, Gi категориясында күмүш медалдын ээси болгон.

30 жаштагы спортчу Зулкайнар Шайбек уулу көп жылдан бери АКШда жашап, машыгып, Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып жүрөт. Ал жиу-житсу боюнча Калифорния штатынын эки жолку чемпиону. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG