Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Чек ара: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө күйүүчү май таңкыстыгы жаралды


Майга кезекке тургундар.
Майга кезекке тургундар.

Ушул маалда Баткендин Лейлек районуна караштуу чек арадагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө күйүүчү май таңкыстыгы жаралды. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймакта жүргөн кабарчысына жергиликтүү тургундардын бири Тайырбай Бабаев билдирди.

"Айылда эки эле адам Кулунду, Раззаков шаарларынан өздөрү ташып келип сатат. Баасы кымбат. Аларга деле ташып келүү кыйын. Айыл өкмөтүнөн маалымдама алышы керек, экөө биригип ашып кетсе жумасына 1,5 тонна күйүүчү май алып келет. Эгер жардам берилбесе, түндөгүдөй окуялар кайталанса, эл эвакуация болуп, коопсуз жайга чыгып кете албай калышат. Мисалы, кечээ миң машине чыккан болсо ошонун 400ү май жок жолдо калды. Маргунга жетип, бирок кайтканга майы жок калып калгандары бар. Бул маселе губернаторго айтылган, аракет кылабыз деп эле калып калды. Көп нерседен үмүтүбүз үзүлдү".

Жеригиликтүү тургундардын айтымында, азыр АИ-92 үлгүсүндөгү бир литр күйүүчү май 80 сомдон, ал эми солярка 75 сомдон сатылып жатат.

Жаңы-Жердеги күйүүчү майга байланыштуу дооматтарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жооп бере элек. Аталган айыл өкмөтүнүн карамагында төрт кыштак бар жана 13,5 миңдей адам жашайт.

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелдин кечинде ок атышуу орун алган. Буга байланыштуу тараптар алгач Тажикстандын аймагында, андан кийин Лейлекте жолугушуу өткөрүштү. Анда чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашты.

Соңку чырда Кыргызстандын эки жараны жараат алды, алардын бири аскер кызматкери, анын абалын дарыгерлер орто деп сыпаттап жатат. Жарадар болгон жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып Тажикстандын 27 жаштагы жоокери жараат алып, ага операция жасалып жатканын жазган.

Коңшу өлкөнүн Чек ара кызматы расмий комментарий бере элек.(EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG