Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Чек ара чыры: сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Лейлекте өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анда алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүү, эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегацияларынын жыйынын 13-апрелде күндүзгү саат 11де ок атышуу болгон аймакта - Лейлек районундагы Селкана тилкесинде өткөрүүнү макулдашты.

Ушул тушта аймакта күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болгон. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жараны, бир жоокер менен жергиликтүү тургун жараат алганын билдирген. Жараат алган жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ал эми жоокердин абалы орто, анын бутуна, санына жана таманына октун чачырандылары тийген.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып анда 27 жаштагы Тажикстандын жоокери жаракат алып, операция жасалып жатканын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG