Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов үй камагына чыкты


Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.

Баткен облустук соту 13-апрелде Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды. Бул тууралуу адвокат Асылбек Кунгуров билдирди.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы 25-мартта белгилүү болгон.

Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Эгембердиев менен Жалилов 3-апрелге чейин камакта калган.

Мурдагы айыл башчылары мамлекеттик мүлктөрдүн мыйзамсыз менчиктешип кеткенин ачык айтып чыккандан кийин аларга карата мурда козголгон кылмыш иши кайра жанданган. Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсү жарыяланды. Журналисттик иликтөөдө аталган айыл өкмөтүн мурдагы башчысы жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аны облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргени тууралуу Саатбек Эгемберидев менен Бекжан Жалилов айтып чыккан.

Адвокаттын айтымында, 2021-жылдын 26-августунда Баткен облустук прокуратурасы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренесинин негизинде факт боюнча иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген. Журналисттик иликтөөдөн кийин тергөө жанданган. Азыр ишти облустук прокуратура карап жатат.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Кармалган жергиликтүү жетекчилердин тарапташтары бир канча күндөн бери аларды бошотуу талабы менен митинг өткөрүүдө. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG