Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Ошто аялын бычактоого шектелип 58 жаштагы жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын 58 жаштагы тургуну аялын бычактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.

7-апрель Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө денесинин төрт жеринен бычакталган аял түшкөн. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары анын жолдошу кармалган. 58 жаштагы С.Х. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 9-апрель күнү Ош шаардык соту тарабынан тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо чечими чыккан.

Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында айтып, балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын билдирди.

Зулушев 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталганын, анын 82си сотко жиберилип, 460 иш кыскартылганын, учурда 14 иш каралып жатканын айткан.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку алты жылда жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG