Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Мектеп жана бала бакчаларга электрондук каттоо системасы калыбына келтирилди


Мектеп жана бала бакчага кабыл алуу үчүн ачылган mektep.edu.gov.kg сайтынын иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу сайттын иштөө жоопкерчилигин алган мамлекеттик "Инфоком" мекемесинин жетекчи орун басары Асел Кененбаева билдирди.

Аталган сайт кайрадан жаңыланып, 11-апрелде ишке кирген учурда катталуу иши үзгүлтүккө учурап, балдарын каттай албаган ата-энелер даттанган.

Алгачкы иш башталган учурда сайттын иши утур-утур узгүлтүккө учурап жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев да ырастаган эле. Ал электрондук кезекке тууруу үчүн бир учурда көп киши кайрылгандан улам сайттын иши үзгүлтүккө учураганын билдирген.

Быйылкы окуу жылында 150 миңден ашык бала биринчи класска барышы күтүлүүдө деди "Инфоком" өкүлү. Мектептерге катталган дареги боюнча кезекке туруунун биринчи этабы 27-июнда аяктап, 27-июндан 10-сентябрга чейин жашаган жеринен катталуу жүрөт.

Кыргызстанда бала бакча жана мектепке муктаждык жогору. Буга чейин мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбай турганы статистикалык маалыматта айтылган.

Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт 2014-жылы Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, электрондук кезекке туруу системасын ишке киргизген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG