Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Адвокат: камактагы блогер Жолболдуева жанын кыюуга аракет кылды


Батмакан Жолболдуева.
Батмакан Жолболдуева.

Баткенде журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева 12-апрелде милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыюуга аракет кылып, колунун тамырын кести. Бул тууралуу анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" билдирди.

"Жолболдуева орозо кармап жаткан, бирок анын жакындарына тамак киргизүүгө уруксат бербей жатышат. Кечээ облустук сот анын бөгөт чарасын карап, абакта калтырган. Ал мага милициянын убактылуу кармоочу жайынын башчысы басым кылып жатканын айткан. Биз райондук милицияга барганда жетекчилиги жок болуп чыккан. Убактылуу кармоочу жайдын башчысына жолугуп кеткенбиз. Биз кеткенден кийин Батмакан колунун кан тамырларын кесип жибериптип. Анын ооруканага алып баргандан кийин, андан ары кайда алып кеткенин туугандары дагы, мен дагы азыр билбейм", -деди Сүйүнбаева.

Баткен облустук милициясы бул маалымат такталып жатканын айтып, азырынча комментарий бере элек.

Милиция аларга Арзыгүл Галымбетова 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген. Бирок мындан көп өтпөй эле журналист каза болгон.

Анын өлүмүнөн кийин жабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Өткөн айда Жолболдуева президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан. Ураимов дооматтарды четке каккан. Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алганын билдирген.

Маркум Галымбетова Бишкектеги гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач "Манас жаңырыгы" телеканалында, кийин "КТР-Обо" гезитинде иштеген. Соңку жылдары Баткендин облустук телеканалында жана "Турмуш" сайтында (Akipress) эмгектенип келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG