Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Украина: үй камагынан качкан орусиячыл саясатчы Медведчук кармалды


Виктор Медведчукка былтыр май айында "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Виктор Медведчукка былтыр май айында "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский атайын операциянын негизинде Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын адамдарынын бири делген украиналык саясатчы Виктор Медведчук колго түшкөнүн билдирди. Окуянын калган чоо-чайы тууралуу кийинчерек маалымат берилерин айтты жана аскер кийимчен, колу кишенделген Медведчуктук сүрөтүн жарыялады.

Ал үй камагынан 24-февралда, Орусия Украинага бастырып кирген күнү качып кеткени белгилүү болгон.

Украинанын Коргоо жана коопсуздук кеңеши өлкөдө аскердик абал жарыяланганына байланыштуу деген негизде Медведчуктун партиясынын ишин убактылуу токтоткон.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агентигине комментарий берип жатып, бул сүрөттү көргөнүн, бирок “ар кандай фейктердин көптүгүнөн улам анын канчалык чындыкка дал келерин айта албасын” билдирди.

Украинанын депутаты, "Жашоо үчүн - Оппозициячыл платформа" партиясынын лидери Медведчукка былтыр май айында кылмыш иши козголгон. Аны менен кошо Жогорку Раданын дагы бир депутаты Тарас Козакка "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлган.

Тергөө материалдарында алар Крым жарым аралындагы улуттук байлыктарды тоногону, "Украинанын кен байлыктарына байланыштуу баалуу документтерди бергени" жана "Крымды башка өлкөнүн аймагынын бөлүгү катары тааныганы" айтылган.

Медведчук кылмыш ишинин козголгонун саясий куугунтук катары сыпаттап, дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG