Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Атамбаев өзүн башка колонияга которууну суранганын билдирди


Алмазбек Атамбаев. 2020-жылдагы сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. 2020-жылдагы сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 6-апрелде Октябрь окуялары боюнча сот отурумунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Өзүн Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 колонияга которууну тиешелүү жетекчилерден суранганын билдирди.

Анын айтымында, бул чечимге азыркы №47 колониядагы өтө оор шарт жана орой мамиле себеп болду.

“Ал жерде мени мажбурлап жылаңаяк кар бастырбайт деп ойлойм. Башаламандык да азыраак болот. Албетте, мындай нерселерди мен чечпейм, түрмө деген түрмө. Мен болгону №8 колонияга барсам деп сурадым, азырынча жообун билбейм. Абактагылар кандай шартта жашап жатканын көрсөңөр, жүрөк ооруйт. Камактагылар турган колониянын абалы 21-кылымдын талаптарына туура келбейт”, - деди ал.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары Жаза аткаруу кызматынын кызмат адамдарын жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага арыз даярдап жатышканын билдиришкен. Алар дарыгерлердин Атамбаевдин жүрөк жана омуртка оорусу тууралуу аныктамасына карабай, ал өткөн айда сотко күчтөп жеткирилгенин, натыйжада анын денеси көгала болгонун айтып келишет.

Жаза аткаруу кызматы ушул күнгө чейин бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге "Батукаев иши", Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү деген айыптар тагылган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG