Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Пентагон Киевге аскердик жардам жөнөтүүнү караштырууда


Ми-17 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт
Ми-17 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт

Пентагон Украинага аскердик жардамдын жаңы пакетин берүүнү караштырууда.

The Washington Post гезити Ак үйдүн өкүлүнө таянып жазганына караганда, Ми-17 тик учактарын жана Humvee деген жол тандабастар жөнөтүлүшү мүмкүн. Булак бул жолку жардамдын көлөмү 750 миллион долларга бааланганын, берилчү куралдын түрү такталып жатканын айтып берген.

Буга чейин Reuters агенттиги да Вашингтондун Киевге 750 миллион долларга курал-жарак бөлүүнү талкуулап жатканын маалымдаган.

Өткөн жумада АКШ Сенаты президент Жо Байденге «ленд-лиз» программасын пайдаланууга уруксат берген мыйзамдарды жактырган. Муну менен Украинага жана чыгыш Европага аскердик жардам жөнөтүү жолу жеңилдеди.

Мындан тышкары Түштүк Корея Украинага 1,5 миллион долларга согуштук эмес аскердик жардам жөнөтөрүн билдирди. "Рёнхап" агенттиги Сеул эмки жумада бронежилет, шлем, дары-дармек, аскерлер үчүн азык-түлүк жибермекчи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG