Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктарынын абалына баасын берди


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен былтыр көп мамлекетте “демократиянын кооптондурган деңгээлде төмөндөшүн” сындады.

Блинкен Мамлекеттик департаменттин адам укуктарынын абалына арналган жаңы докладын комментарийлеп жатып, демократиядан чегинүүнүн адамдарга тийген эң оор кесепети орус бийлигинин Украинага каршы ырайымсыз согушунда даана байкалганын белгиледи.

Мамкатчы ошондой эле Кытайдагы адам укугун бузууларды айыптап, уйгурларга каршы геноцид жүргөнүн, Ооганстанда “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) былтыр бийликти кайра алгандан бери “жок жерден аялдарды, митингчилерди, журналисттерди” кармап кетип жатканын билдирди. Муну менен бирге Блинкен Кошмо Штаттарда да адам укуктары чөйрөсүндө “айрым маселелер” бар экенин моюнга алды. Ошол эле маалда ал президент Жо Байдендин администрациясы айрым өнөктөштөрүнө адам укуктары жаатында жетишерлик басым жасай алган жок деген укук коргоочулардын сынын четке какты.

2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндамада 200дөй өлкөдөгү абалга баа берилген.

Кыргызстанга арналган бөлүгүндө милициянын колунан каза тапкан учур, таанымал адамдын дайынсыз жоголгону, күч түзүмдөрүнүн кыйноолорго барганы, абактардагы адам чыдагыс шарттар, жүйөсүз кармоолор, сот системасынын көз карандысыздыгынан күмөн жараткан фактыларга көңүл бурулган. Мындан тышкары жеке турмушка аралашуу, сөз эркиндигин жана маалымат каражаттарын чектөө, журналисттерди коркутуу, цензура, интернет эркиндигин олуттуу кысуу, бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзамдар, бийликтеги коррупция, гендердик зомбулукка баргандардын жазасыз калышы, азчылыктарга зомбулук көрсөтүү, жашы жете элек балдардын эмгегин пайдалануу жөнүндөгү ишенимдүү маалыматтар олуттуу маселе экени айтылат.

Баяндамада бийлик адам укуктарын бузган же паракорлукка малынган аткаминерлердин иштерин тергеп, сот жообуна тартуу багытында кадамдарды жасаганы менен, жогорку кызматтардагы адамдар жазаланбай калып жатканы белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG