Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Кыргызстанда жашоо минимуму 6813 сом деп эсептелди


Бишкектеги Ош базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги Ош базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 2022-жылдын биринчи кварталында кыргызстандык бир кишинин жан сактай турган минималдык каражаты 6813 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 16,7% көп.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Жакында эле Дүйнөлүк банктын жаңыланган баяндамасы жарыяланды. Анда Украинадагы согуш жана Орусияга салынган санкциялар бүтүндөй дүйнөнүн экономикасына сокку уруп жатканы, ал эми Европа менен Борбор Азиянын жаңы эле бутуна туруп келаткан мамлекеттерине эки эсе катуу таасир берери айтылат.

Документте дүйнөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга кыскарып, инфляция 15% жогорулашы мүмкүн экени жазылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG