Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Нарында Куланак ГЭСин курууга жеке жактарга уруксат берилди


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Нарын дарыясында Куланак ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу укугу "Нарын өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Долбоорду ишке ашыруу "Нарын өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун каражатынын эсебинен жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 100 МВт белгиленген Куланак ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.

Долбоордо Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү төрт жылда ишке ашып, тосмонун бийиктиги 27 метрди түзөрү каралган.

Адистер Нарын дарыясында жалпы кубаттуулугу 6, 2 ГВт чейин отузга жакын ГЭС курууга болот.

Өкмөт энергетика тармагындагы кризисти жоюу үчүн чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдик берилгенин айткан.

Энергетика министрлиги республиканын аймагында 48 электр энергиясын өндүрө турган объектилерди курууга сертификат бергени кабарлаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу жакында башталарын, ага 500 миллиондой доллар бөлүнөрүн айткан.

Кыргызстанда жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% ашыгын өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жеткен.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске дуушар болду. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG