Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Кадырбеков Кумтөр боюнча макулдашууну сындады


Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Бишкекте Кумтөр кенине байланыштуу өтүп жаткан оппозиция өкүлдөрүнүн жыйынында атайын баяндама жасап, Кыргызстан бийлигинин Кумтөр боюнча аракеттерин сындады. Ал Кыргызстан Кумтөргө тышкы башкаруу киргизгенин туура эмес болгон деп эсептейт.

Кадырбековдун пикиринде, башынан кенди мыйзамдуу жол менен алууну тандоо керек болчу. Учурда Centerra менен Кыргызстандын макулдашуусунда кыргыз тарап утулду деп белгиледи. Ал бардык доодон баш тартуу менен келишимге келүүдө экологиялык жана экономикалык тобокелчиликтер бар экенин айтты.

Кумтөрдө экологияны калыбына келтирүүгө эбегейсиз чыгым кетерин билдирди.

Бишкекте "Кумтөр: коррупциялык жана экологиялык коркунучтар" деп аталган темада жыйын өтүп жатат. Аны "Бириккен демократиялык кыймыл" уюштурган. Анда Кумтөргө байланышкан кылмыш иштери, кенди кыргыз өкмөтүнүн иштетип жатканы жөнүндө маалыматтар талкууланууда.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде кайрылуу жасап, “ канадалык Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. Бул үчүн Кыргызстан "Центерра Голд" компаниясындагы 26% акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG