Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Санкт-Петербург: мекендештерин тоногон эки кыргыз жараны камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчигиги Санкт-Петербург шаарында кыргыз жарандары аралашкан окуя тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, аталган шаарда 11-апрелде эки кыргыз жараны мекендештерин тоноп, телефондорун жана акчаларын тоногон деген шек менен кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) менен айып коюлду.

"Иштин бардык жагдайларын тактоо жана расмий билдирүү алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул мамлекеттин тиешелүү органдарына суроо-талап жиберди", деп айтылат маалыматта.

Орусияда өзүнүн журтташтарын тоногон кыргызстандыктар буга чейин дагы катталган.

Орусияда иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны расмий бир миллиондон ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG