Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Өндүрүш Токтонасыров чек ара чырына байланыштуу акцияга чыкты


Токтонасыровдун акциясы. 13-апрель, 2022-жыл. Бишкек.
Токтонасыровдун акциясы. 13-апрель, 2022-жыл. Бишкек.

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы чырга байланыштуу тажик бийлигин сындап 13-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги (БУУ) кеңсесинин алдына пикетке чыкты.

Ал Тажикстан тарап чек арада утур-утур курал колдонуу менен чыр-чатак чыгарып жатканын айтып, буга Бириккен Улуттар Уюму реакция кылышы керек деп эсептейт.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгондон кийин алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.

Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта - Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, тараптар ушундай эле келишимге келишти.

Курал колдонулган жаңжалда Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына Тажикстан тараптын бир канча снаряды түшкөн.

Соңку чырда Кыргызстандын эки жараны жараат алды, алардын бири аскер кызматкери жана анын абалын дарыгерлер орто деп сыпаттап жатат. Жарадар болгон жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы Зоир Сайдумаров 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG