Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу кармалган кыргыз жараны Талгат Темиркан уулунун апасы Күлсабира Жуманазарова баласы азыркыга чейин камакта экенин айтып чыкты.
Анын айтымында, 24 жаштагы уулу 5-январда достору менен Тараз шаарына барганда ийнине ок тийип, жараат алган. Ооруканада жатып, операция жасалгандан көп өтпөй, 14-январда атайын кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен. Убактылуу кармоочу жайда кармалып турганда уулу ар кандай кыйноолорго кабылганын айтты.
Атайын кызмат кармалгандан эртеси түндө бошотору менен милиция "коменданттык саатты бузду" деп кармап кетип, беш суткага камаган.
28-январда атайын кызматтын адамдары келип үйүн тинтүүгө алганда "төрт ок таптык" деп уулун азыркыга бошотпой жатканын айтты.
“Уулум Кыргызстандын жараны. Бул жактан расмий иштеген жумушу бар, туруктуу жашаганга уруксаты да бар болчу. Элчиликтерге да кайрылдык, алар кабарлашып турабыз деп кетишти."
Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов Темиркан уулунун кармалышы тууралуу маалыматы бар экенин, консулдуктун кызматкерлери юридикалык жана башка зарыл жардамды көрсөтүп жатканын айтты.
Арипов Январь окуяларына байланыштуу Кыргызстандын эки жараны кармалып турганын маалымдады.
Маалымат боюнча, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалып, алардын баары чыкканы айтылган. Каза болгондор экөө.
Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолду.
Тополоңдо каза болгондордун саны 227ге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды. (JsA)