Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Тоолуу Бадахшанда дайынсыз жоголгон адамдар бар


Хорог шаарындагы нааразылык, 16-май 2022-жыл.
Хорог шаарындагы нааразылык, 16-май 2022-жыл.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кагылышуулардан кийин ондогон адамдардын дайыны чыкпай жатат. "Азаттыктын" тажик кызматы ("Озоди" радиосу) кеминде эки булакка шилтеме кылып жазгандай, үч күн мурда Дүйшөмбү шаарынан Тоолуу Бадахшанды көздөй жол тарткан 17 кишинин кайда экени белгисиз. Мындан тышкары тажик оппозициясынын талаа командири Мирзо Зиёевге ыктаган топтордун мурдагы командирлеринин бири Ёдгор Гуломхайдаровдун жана анын 20дай тарапташтарынын тагдыры тууралуу да маалымат жок.

Күч түзүмдөрүнө жакын булактар "Озоди" радиосуна билдиргендей, Тажикстандын жети ОМОН кызматкери да Тоолуу Бадахшандын Рушан районунан анча алыс эмес жерде дайынсыз жоголгон.

23-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги "кылмыштуу топтордун", "террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү" деп шектелген Рушан районунун 19 тургунунун тизмесин жарыялады. Министрликтин маалыматында бул тургундар 15-18-май күндөрү Рушандагы нааразылык акцияларына катышканы, баары өз эрки менен колго түшүп бергени айтылган.

Тоолуу Бадахшандын бул районунда интернет жана мобилдик байланыш иштебей жатканына байланыштуу тажик бийлигинин мындай билдирүүсүнүн чын-бышыгын тактоого мүмкүн боло элек. Кылмышка шектелгендердин жана кармалгандардын жакындары журналисттер менен сүйлөшүүдөн да баш тартып жатышат.

Расмий маалыматка ылайык, Тоолуу Бадахшанда 16-майда нааразылык билдирген топ менен күч кызматкерлеринин кагылышуусунда жергиликтүү бир тургун, 18-майда бийлик "антитеррордук операция" деп мүнөздөгөн Рушан районундагы окуяда тогуз митингчи жана бир офицер каза тапкан. "Озоди" радиосунун булактары бейшембидеги кагылышууда 21 адам өлгөнүн билдиришкен.

Жекшемби күнү Тоолуу Бадахшандын борбору Хорог шаарында аймактагы бейформал лидер деп мүнөздөлгөн Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлгөнү маалым болду. Айрым эл аралык басылмалар памирликтердин лидерин "өкмөттүк күчтөр өлтүрдү" десе, расмий маалыматта Мамадбокировго кылмыштуу топтордун тирешинде ок тийгени айтылды.

XS
SM
MD
LG