Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

"Газпром" станцияларынын ордуна машине токтотуу жайларын куруу пландалууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкекте "Газпром" станцияларынын ордуна көп кабаттуу машине токтотуучу жайларды куруу каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин жыйынында борбор калаанын вице-мэри Бактыбек Абдиев билдирип, муну менен калаадагы автоунаа токтотмо маселесин чечүү аракети көрүлүп жатканын айтты.

"Автобустар үчүн өзүнчө жол тилкесин бөлүү боюнча иш жүрүп жатат. Ошондо аялдамадан аялдамага автобус тез келип калат. Автоунаалардын токтотмо жайын чечүү боюнча өзүнчө пакет менен иш алып барып жатабыз. "Газпромдун" борбордук бөлүктөгү май куюучу жайларынын жерине көп кабаттуу парковкаларды коюу боюнча", - деди Абдиев.

Бишкек шаарында акыркы жылдары автоунаа токтотуу чоң көйгөй болуп келет. Шаар жетекчилиги маселени чечүү боюнча түрдүү сунуштарды айтканы менен, иш ордунан жыла элек.

Мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгында май куюучу жайлар боюнча 98 ижара келишими бар. Анын ичинде 27 келишимдин мөөнөтү бүтүп калган. 12 гектар аянтты ээлеген 98 мунай бекетинен шаар бюджетине жылына 60 миллион сом ижара акы түшүп турат.

Башкалаа тургундары буга чейин турак үйлөрдүн жанына май куюучу жайларды салууга нааразылыгын билдирип, митинг уюштурган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG