Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Жолболдуеванын иши боюнча ондон ашык милиция кызматкерине чара көрүлдү


Батмакан Жолболдуева
Батмакан Жолболдуева

Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши боюнча Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) 11 кызматкерине сөгүш жана беш кызматкерине катуу сөгүш берилип, милиция башчысынын орун басарына кызматтан төмөндөтүү менен бошотуу тартиптик чарасы көрүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту 23-майда кабарлап, маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы да ырастады.

Буга чейин Акыйкатчы Жолболдуеванын иши боюнча милиция кызматкерлерине чара көрүү боюнча облустук ички иштер башкармалыгына сунуш келтиргени кабарланды.

Маалыматта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү катары Батмакан Жолболдуева кармалгандан бери акыйкатчы анын тергөө абагындагы кармоо шарттары, укуктук камсыздалышы боюнча тийиштүү аракеттерди көрүп жатканы айтылат.

Жолболдуева Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып кармалып, камакта отурат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгон.

37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG