Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Ош мэриясы шаарга таза суу бериле баштаганын билдирди


Ош шаары. Сууга кезек күткөндөр. 22-май, 2022-жыл.
Ош шаары. Сууга кезек күткөндөр. 22-май, 2022-жыл.

Ош шаардык мэриясы кичи райондорго таза суу бериле баштаганын билдирди. Суу берүү 21-майда токтоп калып, 22-майдын кечинде гана калыбына келтирилгени расмий жарыяланган. Бирок айрым кичи райондордо жашаган тургундар суу келе электигин айтып чыгышкан.

Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулат. Кээде 2-3 күн суу жок болуп калат. Көйгөйдү чечүү үчүн эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 млн.доллар грант катары берилген.

Ош шаардык мэриясы шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн кайрадан Азия Өнүктүрүү банкынан грант сурап жаткандыгын билдирди. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев июлдан тартып курулуш иштери башталып, кийинки жылы Ош шаары 80% таза суу менен камсыз болот деп айтууда. (AAb)

Ош шаарындагы таза суу көйгөйүнө арналган “Азаттыктын” иликтөөсү. (Эскертүү: видео 2021-жылдын октябрында жарыяланган).

Ош: Мэрден мэрге мураска калган таза суу көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:10 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG