Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:26

Ипотекалык насыяны пенсиялык топтоо эсебинен төлөөгө уруксат берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондундагы каражаттан ипотекалык төлөм үчүн колдонууга уруксат берди. Ага ылайык, учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же насыя боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алат. Министрлер кабинети 20-майдагы жыйынында бул маселе каралып, чечим кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандагы пенсия төлөө системасы базалык жана топтоо болуп, эки бөлүктөн турат. Айлык акы алып иштеген ар бир кыргызстандык ай сайын өзүнүн маянасынан 10 пайыз пенсияга которот. Анын 8 пайызы Социалдык фондго азыркы пенсионерлерге бөлүнсө, 2 пайызы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна которулат. Бул каражат жарандын жеке өзүнө таандык. Министрлер кабинети өзүнүн чечими менен бул топтолгон каражатты ипотекалык төлөм үчүн колдонууга уруксат берди. Жарандардын топтоо эсебинде 50 миң сомдон кем эмес өлчөмдө каражат болушу керек. Топтоо системасы Кыргызстанга 2010-жылы киргизилген.

Ипотека, насыя, кооператив: Кантип үйлүү болобуз? ("Азаттык+" программасынын 8-апрелдеги чыгарылышы).

Мамлекеттик ипотека компаниясы 21-февралдан тартып "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик тармактарда иштегендерге 4%) жана “Арзан ипотека” (бардык категориядагы жарандар 8% менен) багыттары боюнча насыяларды каржылоону жанданткан. Жарандар ипотекалык насыя алуу үчүн алгач онлайн арыз жазып, аны Мамлекеттик ипотека компаниясынын адистери жактырышы керек. Бул ирет программанын катышуучулары РСК, "Айыл банк" жана "Бакай банк".

20 күндүн ичинде банкка тийиштүү документти тапшырып, ала турган турак жайын издеп табуусу зарыл. Анткен менен айрым кызматкерлер аз айлык менен бул программага кошула албай жатканын айтышууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG