Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Жарандык авиация агенттиги түзүлдү


"Манас" аэропорту, Бишкек.
"Манас" аэропорту, Бишкек.

Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону 21-майда президенттин сайтына жарыяланды.

Жаңы түзүлгөн мекеме жарандык авиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашырат жана бул тармактагы уюмдарынын ишин жөнгө салат. Агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу болуп Александр Настаев дайындалды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жарандык авиация департаментиндеги штаттык, каржылык жана материалдык-техникалык каражаттарды жаңы агенттикке өткөрүп берет. Андан сырткары "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы, Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту да агенттиктин карамагында болот.

Документте бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, жарандык авиациянын уюмдарынын ишине көзөмөлдөөнү жакшыртып, калктын бардык муктаждыктарын канааттандыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн көбөйтүү каралган.

Муну менен катар Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарын, сунуштарын киргизүү жана мекеменин эксперттеринин отчётунда белгиленген кемчиликтерди жоюу да белгиленген.Ошондой эле Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча иштер жасалышы керек.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европа Биримдигинин "кара тизмесине" кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген.

Европа комиссиясынын адистери 2020-жылы авиация тармагында Кыргызстанга 28 сын-пикир, эскертүү берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG