Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Орусия Мариуполду жана "Азовсталь" заводун толук көзөмөлгө алганын билдирди


Мариуполдогу "Азовсталь" заводу.
Мариуполдогу "Азовсталь" заводу.

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариупол шаары жана андагы "Азовсталь" заводу орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. 16-майдан бери Мариуполду коргоп жаткан 2439 украиналык аскер "куралын таштап, багынып берген". Орус тарап 20-майда алардын 531 адамдан турган акыркы тобу чыгарылганын маалымдады.

Алардын мындан аркы тагдыры белгисиз. Украинанын Коргоо министрлиги "Азовсталдагы" аскерлерди алмашуу жолу менен мекенине кайтарууну пландап жатканын билдирди.

Шаар мэринин кеңешчиси Петр Андрющенко орус күчтөрү Мариуполдогу урандыларды тазалап, драма театрга урулган соккудан каза болгондордун сөөктөрүн көмүп койгонун билдирди.

"Биз эми орусиялык аскерлердин драма театрга урган соккусунун кесепетинен канча жайкын тургун каза болгонун эч качан тактай албайбыз. Маркумдар Мангуштагы көрүстөндө аты-жөнү жок эле номурлар менен көмүлгөн",-деп жазды Андрющенко.

Эки жарым айдан ашык убакыт багынбай, каршылык көрсөтүп келген “Азовсталь” заводундагы аскерлер 16-майдан тартып Украинанын жикчилдер башкарып турган аймактарына жана Орусияга чыгарыла баштаган. "Аскердик туткундар" андан ары абактарга киргизилип жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский мындай чечим аларды аман алып калуу үчүн кабыл алынганын айтып, “украин жоокерлери кийин колго түшкөн орус аскерлерине алмаштырыларын” айткан. Москва аларды “багынып бергендер, аскердик туткундар” деп атап жатат.

Анткен менен Мамдумада "Азов" полкунун аскерлерин Украинага өткөрүп бербөө чакыргандар болууда. 17-майда Орусиянын Башкы прокуратурасы Украинанын “Азов” полкунун террордук уюм деп таанылып, анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы белгилүү болду.

"Азов" полкунун жана башка украиналык бөлүктөрдүн аскерлери марттын башынан бери камоолдо жаткан Мариуполдогу "Азовсталь" металлургия комбинатында каршылыгын улантып, ушул убакка чейин курчоодо жаткан.

"Азов" түзүмү 2014-жылы ыктыярдуу батальон катары түзүлгөн, анын башында ашынган оңчул активисттер турган. Ошол эле учурда көптөгөн "азовчу" аскерлер неонацисттер эмес экенин жана полктун өзү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калганын баса белгилешет.

Заводдун алдында жашап жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен мурдараак эвакуацияланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG