Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:08

HRW Иранда кымбатчылыкка каршы чыккандардын кармалышын айыптады


Ирандагы нааразылык акцияларынын бири. Видеодон алынган сүрөт.
Ирандагы нааразылык акцияларынын бири. Видеодон алынган сүрөт.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Ирандын бийлигин кымбатчылыкка байланыштуу нааразылыкка чыккандардын кармаганын айыптап, муну элдин эркин басуу аракети катары мүнөздөдү. Мекеменин билдирүүсүндө, акциялар башталган эки аптадан бери ондогон активисттерди, анын ичинде белгилүү социологдорду жана укук коргоочуларды кармаганы баяндалат.

Ирандын президенти Ибраим Раиси майдын башында бир катар экономикалык чараларды, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен баасы туруктуу кармалган айрым товарларга субсидиялар алынарын жарыялаган. Натыйжада өлкөдө азык-түлүктүн, көбүнчө ун менен майдын баасы кымбаттап кеткен.

Бул өлкөдө нааразылыкты жаратып, бир катар провинцияларда жана шаарларда акциялар өтүүдө. Каршылыкка чыккандар Раиси менен Ирандын жогору лидери Али Хаменеинин кызматтан кетишин талап кылууда. Полиция кагылышууда кеминде беш адам өлгөнү кабарланды. Ондогон адамдар кармалды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык чектөөлөр киргенден кийин дүйнөдө азык-түлүк жана башка багыттагы товарлар кымбаттай баштаган. Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин баалар дагы өстү.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму быйыл бул согуштан улам элүүдөй мамлекетте азык-түлүк тартыштыгы болорун эскерткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG