Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Он чакты өлкөдө маймыл чечеги кишилерге жуккан учурлар аныкталды


Маймыл чечеги вирусун жуктурган адамдын денеси.
Маймыл чечеги вирусун жуктурган адамдын денеси.

АКШ, Канада, Австралия, Испания, Португалия, Улуу Британия, Франция, Италия, Швеция, Бельгия баштаган ондогон өлкөдө маймыл чечегинин (monkeypox – обезьянья оспа) кишилерге жуккан жаңы учурлары катталып, саламаттык сактоо органдары изилдөө иштерин баштады.

Инфекция Африканын борбордук жана батыш бөлүгүндөгү алыскы райондордо көбүрөөк тараганы белгилүү. Башка өлкөлөрдүн жарандары ушул чөлкөмгө саякатка келип, жуктуруп кеткен болушу мүмкүн деп айтылып жатат.

Британиянын саламаттык сактоо кызматы бул сейрек кездешүүчү инфекция экенин, илдет салыштырмалуу жеңилирээк өтөрүн жана ооругандардын көбү бир нече аптада айыгарын билдирүүдө. Бул өлкөдөгү биринчи учур 7-майда аныкталган. Учурда инфекцияны жуктургандын саны 10 чакты учурга жетти. Вирус алгач аныкталган бейтаптын Нигерияга барып келгени белгилүү болгон.

Португалияда беш, Испанияда жети, Австралияда, Швецияда, Италияда бирден учур катталды. АКШнын Массачусетс штатынын медициналык органдары маймыл чечеги жуктурган эркек кишини дарылап жатат. Канадада болсо бийлик вирусту жуктурган 13 кишини бөлүп алып, изилдей баштады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) инфекциялардын булагы азырынча аныктала электигин билдирүүдө. Вирус адамдан адамга оңою менен жукпайт жана жапырт тароо ыктымалдуулугу төмөн деп бааланып жатат.

Чечек илдети (натуральная оспа) – өтө коркунучтуу, катуу кармаган жугуштуу оору болуп саналат. Адатта ал ооруган адамдан аба, чаң аркылуу, көбүнчө дем алуу органдары, кээде тери аркылуу жугат. Кан аркылуу бүт организмге тарап, теринин эпителий клеткаларына топтолуп көбөйө баштайт. Айрыкча алар теринин ачык жериндеги (баш, бет, кол, моюн, бут) клеткаларды жабыркатат. Натыйжада, денени ыйлакча түрүндөгү жарааттар каптап кетет.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү болуп саналат. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамда дагы денесинде ыйлакчалар чыгып кетет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG